Таласта аксакалдар жыйыны өттү
Новость KTRK/videograp

Облустун ар тарабынан 300дөн ашык аксакал чогулуп, аймактагы жаңылануулар менен айрым ички көйгөйлөрдү талкуулашты. Жаштарга туура багыт көрсөтүп, колдоого алуу кыргызда илгертен карылардын милдети экени айтылды. 

Мындан тышкары эл ичинде ынтымакты орнотуу да аксакалдардын урматында. Ар бир айылда ынтымак, биримдик өкүм сүрсө, өлкө туруктуулугу да бекем болот деген ой көптүн колдоосун тапты. 

Мындан улам элет элинин турмушуна аксакалдарды активдүү катышууга облус жетекчилиги чакырып өттү. Бул өңдүү жолугушууларды байма бай өткөрүп туруу демилгеси да көтөрүлдү.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118