Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирустун бир жаңы учуру катталды
Новость

Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирустун бир жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, илдеттен 9 бейтап айыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 5 бейтап, амбулатордук түрдө 35 адам дарыланууда. Стационарларда дарыланып жаткан 5 бейтаптын баарынын абалы оор.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 360 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.