Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Илдеттен айыккандар жана каза болгондор катталган жок. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 69 бейтап, амбулатордук түрдө 16 адам дарыланууда. 69 бейтаптын ичинен 41инин абалы орто оор, 24ү оор жана төртөө өтө оор абалда деп бааланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 970 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 303 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.