Шашылыш билдирүү! Бишкекте жана Чүйдө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлүүдө
Новость www

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде күн күркүрөп, катуу шамал болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге жетиши күтүлүүдө.