"Кумтөр" алтын кенинин Кыргызстанга толук кайтарылышына дүйнө коомчулугу оң баасын берүүдө
Новость

Кумтөр боюнча "Центерра" менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимди дүйнөлүк коомчулук кубаттоодо. 

Узак жылдардан берки канадалык компания менен болгон талаш-тартыш эл аралык укуктун алкагында чечилгенин Бириккен Улуттар уюму белгилеп, дүйнө коомчулугу, коңшу мамлекеттер куттуктоолорун айтууда. Маселенин тынчтык жолу менен чечилиши жагымдуу инвестициялык климатты камсыздоо болуп эсептелет.