COVID-19: Жаңы учур катталган жок
Новость

Кыргызстанда 11-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 71 бейтап, амбулатордук түрдө 14 адам дарыланууда. 

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 200 миң 970 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 303 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.