Патрулдук милициянын “Абайла балдар!” акциясы уланып жатат.
Таң эрте жол патрулдук кызматы менен Москва цирки биргеликте борбордогу мектептердин алдында атайын иш-чараларды өткөрдү.
Анда ата-энелерге балдарды мектепке чейин жол эрежелерин бузбай алып келүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү. Акциянын жүрүшүндө уюштуруучулар, ата-энелерге шарларды жана циркке билеттерди тапшырды.
Эскерте кетсек, жол патрулдук кызматы борбордун жолдорунда авто кырсыктарды азайтуу максатында ар кандай профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө.
Акция 25-августта башталган.