Кыргызстанда 8-апрелге карата COVID-19 менен 1 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Коронавирустун жаңы учуру Чүй облусунда катталган. Ал эми акыркы суткада 9 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгондор жок.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 90 бейтап, амбулатордук түрдө 19 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 969 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 288 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.