Коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын акыркы бир күндө 2 миң 767 адам алды. Бул туурасында COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Анда айтылгандай, өлкөдө вакцинанын биринчи дозасын жалпы 1 млн 495 миң 754 адам алды. Ал эми экинчи дозасын 510 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 255 миң 359 кишиге жетти.
Бустердик же үчүнчү дозаны 1143 адам алды, алардын жалпы саны 167 миң 951 адамга жетти.