Токтогул районунун Саргата айылында жаңы көпүрө колдонууга берилди. Элеттиктер үчүн мындай шартты Өзгөчө кырдаалдар министри түзүп берди. Эске салсак, жаздагы катуу жаан чачындан Саргаталыктарды айылдын эки тарабы менен байланыштырган жалгыз көпүрөдөн айрылып калышкан.
Мындан улам 2 миң 500дөй калкы бар Саргата айылында ички каттам бир топ аксап, элеттиктерди түйшөлтүп келген. ӨКМ тарабынан бөлүнгөн 25 тонна цемент, 800 килограмм арматура менен айыл эли жаңы көпүрө куруп, пайдалана башташты.