Бүгүн өлкөдө коронавирус катталган жок
Новость

Кыргызстанда 4-апрелге карата COVID-19 катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 5 адам илдеттен сакайды, каза болгондор жок. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 96 бейтап, амбулатордук түрдө 46 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 248 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.