Кыргызстанда 30-мартка карата коронавирус 14 адамдан аныкталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 11, Чүй облусунда – 3 адамдан вирус табылды. Акыркы суткада 13 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 88 бейтап, амбулатордук түрдө 57 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 923 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 196 миң 206 киши айыгып чыкса, 2 миң 988 адам каза болду.