Кыргызстандык окуучулар Британияда өткөн эл аралык олимпиадада 14 медаль жеңип алышты
Новость KTRK/videograp

Кыргызстандык окуучулар биология предмети боюнча Британияда өткөн эл аралык олимпиадада 14 медаль жеңип алышты. 

12-мартта өткөн сынакта дүйнө жүзүнөн 700дөн ашуун мектептен 10 миңдей окуучу катышкан. Кыргызстандан 184 окуучу барып, 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль жеңип алышты. Алтын медалга Мурат Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алай Алмазов, Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин 10-классынын окуучусу Рахман Марат уулу, Жайыл Баатыр атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Нурислам Абдисаматов, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Бекмырза Жумагулов ээ болду.