Кыргызстанда 28-мартка карата коронавирус 13 адамдан аныкталды
Новость www

Кыргызстанда 28-мартка карата коронавирус 13 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, илдет табылган 13 адам тең Бишкектин тургуну. Акыркы суткада 11 киши вирустан сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 92 бейтап, амбулатордук түрдө 50 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 892 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 196 миң 181 киши айыгып чыкса, 2 миң 985 адам каза болду.