Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 2 адамдан илдет табылган. Акыркы суткада 16 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгондор катталган жок. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 52 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 879 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 170 киши айыгып чыкса, 2 миң 984 адам каза болду.