Сак болуңуз! Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору
Новость www

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

26-марттан 29-мартка чейин Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда абанын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптап, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.