Кыргызстанда 26-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды
Новость www

Кыргызстанда 26-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 4 адамдан вирус табылган.

Акыркы суткада 11 бейтап илдеттен сакайып чыкты, бир адам оорудан көз жумду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 85 бейтап, амбулатордук түрдө 61 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 868 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 154 киши айыгып чыкса, 2 миң 984 адам каза болду.