Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров эл каттоодон өттү
Новость

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров эл каттоодон өттү. Калаа башчы иш күнүн эл каттоо анкетасын толтуруу менен баштады. 

Эл каттоочу смартфондогу атайын тиркеменин жардамы менен мэрдин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана турак жай фондунун маалыматтарын тактады. Эмилбек Абдыкадыров шаар тургундарын эл каттоого активдүү катышууга чакырып, масштабдуу иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.