Кыргызстанда 25-мартка карата коронавирус 10 адамдан аныкталды
Новость www

Кыргызстанда 25-мартка карата коронавирус 10 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 4 адамдан вирус табылган. Акыркы суткада 14 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгондор катталган жок. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 88 бейтап, амбулатордук түрдө 58 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 857 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 143 киши айыгып чыкса, 2 миң 983 адам каза болду.