Ишкерлерди сөз менен эмес, иш менен колдоо зарыл
Новость www

Экономикалык жигерди өрчүтүү, инвестицияларды тартуу, бизнести колдоо, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү багытындагы иштерди күчөтүүнү колго алуу зарыл. Ишкерлердин, инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңеш бүгүн биринчи отурумга чогулуп, өлкө экономикасынын жана ишкерликтин абалы, бышып жетилген курч көйгөлөр жөнүндө талкуу жүрдү.