Саламаттык сактоо министрлигинин 24-марттагы маалыматына караганда, соңку бир суткада Кыргызстанда вирус 11 адамдан аныкталды.
Бишкекте тогуз, эки учур Чүйдө катталды. Каза болгондор жок. Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 миң 847 адам болду. Акыркы суткада 16 адам илдеттен сакайды. Учурда 89 бейтап ооруканада, 63 үйүндө дарыланууда. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын расмий саны 2 миң 982 адам.