Коронавирустан бир бейтап көз жумду
Новость

Кыргызстанда 22-мартка карата коронавирус 8 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 2 адамдан вирус табылган. Акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 78 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 826 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 94 киши айыгып чыкса, 2 миң 981 адам каза болду.