Өлкөдө 16-мартка карата коронавирус 5 кишиден аныкталып, бир бейтап каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, вирус Бишкек шаарында - 3, Чүй жана Ош облустарында бирден адамдан табылган.
Акыркы суткада 30 киши илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 121 бейтап, амбулатордук түрдө 140 киши дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 763 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 946 бейтап айыгып чыкса, 2 миң 975 адам каза болгон.