"Гвоздика" телесериалы эмки жылы элдин назарына коюлат
Новость

Бүгүн Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура КТРКда конокто болуп, башкы директор Илим Карыпбеков менен жолугушту. 

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз болуп, жапониялык "Гвоздика" телесериалы Коомдук биринчи каналдан көрсөтүлөрү ачыкталды. 

Келишимге ылайык, аталган телесериал 2017-жылдын январынан баштап элдин назарына коюлат.   

Кошумчалай кетсек, буга чейин Жапония тарап КТРКга керектүү жабдыктарды алууга көмөктөшүп келген.

ФОТО: Усубалы Мамбетов