Кыргызстан бул жылдар ичинде дүйнөлүк эң абройлуу уюмдун алкагында өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алды. 2015-жылдын 25-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штабында бул уюмга мүчө мамлекеттердин жетекчилери 2030-жылга чейинки биргелешип өнүгүүнүн жолдорун талкуулашып, туруктуу өнүгүү үчүн экономикалык, экологиялык жана социалдык жактан биргелешкен аракеттерди көрүүнүн зарылдыгын айтышкан. Ошондой эле 193 мамлекет биригип глобалдык масштабдагы 17 маселени чечүүнү алдыга коюшкан.POST1RIGHT
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы дүйнөнүн коопсуздугун, өнүгүүсүн камсыз кылуу, жакырчылыкты жоюу, адам укугун коргоо жана айлана чөйрөнү сактоо боюнча жооптуу болгон жападан жалгыз уюм. Бул уюмга Кыргызстан 1992-жылдын 2-мартында мүчө болгон.
Келээрки жылы бул уюмга мүчө болгондугунун 25 жылдыгын белгилейт.
Кыргызстан бул уюмдун алкагында улуттук кызыкчылыктан сырткары дагы жалпыга тийешелүү болгон терроризм, бангизат менен күрөшүү, суу ресурстарын үнөмдүү колдонуу, экологияга аяр мамиле жасоо, адам укуктарын коргоо сыяктуу маселелерде өз активдүүлүгүн көрсөтүп келет.
Уюмга мүчө болгон 24 жылдын ичинде Кыргызстан дагы бул уюмдун ичинде өз активдүүлүгүн көрсөттү. Атай кетсек 2012-жылы БУУнун экономикалык жана социалдык кеңешине шайланды. 2015-жылы эң абройлуу болгон адам укугун коргоо боюнча кеңешке шайланды.
Ал эми эң маанилүү деп эсептелген иш-чаралардын ичинен Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын декабрында өткөн климаттык саммитке катышты. Бул жолу дагы 71-сессияда айлана чөйрөнү коргоо маселеси башкы тема болот. Ассамблеянын башкы катчысы Пан Ги Мун, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча макулдашылган Париж келишими, эртерээк күчүнө кириши керектигин айткан.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118