Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан 2 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда 27-февралга карата коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 200 миң 478ге жетти, оорудан 2956 адам көз жумду. Ушул тушта ооруканаларда 190дой адам жатат жана алардын теңине жакыны оор абалда.

Үйлөрүндө 700дөй адам дарыланууда. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны бир миллиондон ашты. Бустердик доза 110 миңден ашык адамга сайылды.