Баткен: Мекен чегинде турган чек арачылар
Новость

Акыркы кезде мамлекет тарабынан аскердик милдетин татыктуу аткарып жаткандарга өзгөчө көңүл бурулуп, бир катар алгылыктуу иштер жасалууда. Алсак, Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн материалдык техникалык базасы чыңдалып, чек арачылардын эмгек акысы 50-70 пайызга чейин жогорулады. 

Бул аракеттер эң ириде өлкөнүн көз карандысыздыгын коргоого жана элдин бейпилдигин камсыздоого багытталган артыкчылыктуу кадамдар экенин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Баткен облусунда өткөн көчмө жыйынында билдирди.