Президент чек арачы Мирбек Султанбек уулу жана прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин жубайы менен жолугушту
Новость www

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "Көк-Таш" чек ара заставасынын башчысы Мирбек Султанбек уулу жана чек ара жаңжалында каза болгон прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин жесири Гүлхайо Кодирова менен жолугушту. 


Мамлекет башчысы чек арачы Мирбек Султанбек уулунун ден соолугун сурап, анын тезирээк сакайып кетишин каалады, ошондой эле жоокерге Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Садыр Жапаров Мирбек Султанбек уулу аскердик милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, эрдиктин жана баатырдыктын татыктуу үлгүсүн көрсөткөнүн белгиледи. 


Президент Чек ара кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга аскер кызматкерине туруктуу негизде колдоо көрсөтүүнү улантууну тапшырды. Мамлекет башчысы Мирбек Султанбек уулун Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, ага Бишкек шаарынан батирдин ачкычын тапшырды. Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров Бекзодбек Юлдашевдин жесирине дагы бир жолу көңүл айтып, ага жана балдарына ден соолук, узун өмүр каалады. Каза болгон прапорщиктин жесирине материалдык жардам көрсөтүлдү.

 Эске салсак, 2020-жылдын 8-майында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда Мирбек Султанбек уулу октон жаракат алган. Аскер кызматкери быйыл «Эрдик» медалы менен сыйланган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын прапорщиги Бекзодбек Юлдашев былтыр апрель айында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусундагы тилкесинде куралдуу кагылышта каза болгон. Өткөн жылдын май айында ал курман болгондон кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган. Анын үй-бүлөсү да буга чейин Бишкектен батир алышкан.