Жасалма ПЧР-тестти саткандар аныкталды
Новость www

ПЧР-изилдөөсүнүн терс жыйынтыгы тууралуу жасалма электрондук сертификаттарды даярдап, таратып жүргөн туруктуу канал аныкталды. 

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, 18-февралда Кылмыш-жаза кодексинин документтерди жасалмалоо беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринеде катталган материалдардын алкагында, Жалал-Абад шаарындагы “Medicana Plus” диагностикалык лабораториясынын QR-коддору менен ПЧР-изилдөөнүн терс натыйжасы жөнүндө жасалма электрондук сертификаттарды даярдап, таратуу үчүн туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды. 

Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиакассадагы адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарга жасалма ПЧР-анализдерин сатып жүрүшкөн. Жыйынтык тесттин бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин болгон. Ковид-19 үчүн ПЧР-тесттерине муктаж болгондор, тесттен өтпөстөн, Whatsapp мессенджери аркылуу “Medicana Plus” лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкерине авиакассанын кызматкерлери жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип тургандыгы аныкталды.

Ушундай эле схема Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарында да аныкталган. Аталган лабораториянын жергиликтүү филиалынын медайымы ПЧР-тесттерин жүргүзүп, “Finca Elsom” төлөм системасынын терминалдары аркылуу “Medicana Plus” компаниясынын башкы кеңсесине акча каражаттарын которгон. Учурда бул коррупциялык схеманын бардык жагдайларын жана башка дагы катышы бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.