Жарандардын коронавируска туруштук берүүсүн текшерүү жумалыгы башталды. Буга чейин текшерүүдөн он миңге жакын адам өткөн. Эми текшерүүнүн экинчи баскычы жүргүзүлөт. 21-25-февраль күндөрү республика боюнча даярдалган 69 медициналык бөлүмчөлөрдө өтөт.
Жарандар медициналык жайларга паспорту менен келип текшерүүдөн өтсө болот. Иликтөө катышуучуларга антителосу бар-жогун акысыз билип алуу, мурда бар болгон болсо азайган-көбөйгөнүн текшерип көрүүгө болот. Ошону менен бирге мамлекет үчүн жалпы калктын коронавирус боюнча саламаттыгын аныктап, дарылоодогу кийинки кадамдарыбызды тактоого шарт түзөт, - дейт дарыгерлер.
Анализдерди алуу акысыз, жарандардан документинен башка эч нерсе талап кылынбайт. Дарыгерлер жарандарды атуулдук жоопкерчиликти колго алып активдүү катышып берүүгө чакырууда.