Кыргызстанда 14-февралга карата коронавирус 46 адамдан аныкталганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 31, Чүй облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 7, Жалал-Абад облусунда - 2, Баткен облусунда - 2 адамдан илдет табылды. Акыркы суткада 236 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 485 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 119 адам дарыланууда.