Бишкекте өтө турган КМШнын саммитине карата борбор калаадагы айрым жолдорго убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу шаардык патрулдук милиция кызматы кабарлады. 16-сентябрда Манас аэропортунан борбор калаага келаткан жолдогу кыймыл токтотулат. POST1RIGHT
Андан ары Фучик көчөсүнөн Жибек Жолуна чейин, кайра Жибек Жолу көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки жолдор жабылат. Ал эми Манас проспектиси Айтматов көчөсүнө чейин, андан ары мамлекеттик резиденцияга карай кеткен жолдорго чектөө киргизилет.
Шаардык милиция эскерткендей, ошондой эле Чүй проспектиси менен Хаят конок үйүнө карай кетчү жолго дагы убак убагы менен убактылуу чектөөлөр киргизилип турат. Мындан сырткары Түштүк магистралы Манас проспектисинен баштап, Токомбаев көчөсүнө чейин убактылуу жабылат. Аталган жолдор делегациялардын кортеждери жүргөн маалдарда гана чектелип турат. Айта кетсек, 16-сентябрда КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын 25 жылдык саммити өтөт.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118