Кыргызстанда 10-февралга карата коронавирус 107 адамдан аныкталганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык Бишкек шаарында - 44, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 43, Ош облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 12, Жалал-Абад облусунда - 2, Баткен облусунда - 3 адамдан илдет табылган. Акыркы суткада 297 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда илдеттен 653 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 738 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 821 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 958 киши айыгып чыкса, 2 миң 917 адам каза болду.