Өлкөдө акыркы бир суткада коронавирус дагы 97 адамдан аныкталды
Новость www

Өлкөдө акыркы бир суткада коронавирус дагы 97 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 53, Ош шаары, Ош облусу жана Нарын облусунда бирден, Чүй облусунда – 23, Талас жана Баткен облустарында үчтөн, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 5 адамдан илдет табылган. Акыркы суткада 282 бейтап илдеттен сакайып чыгып, тилекке каршы ооруну жеңе албай төрт бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 684 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 883 адам дарыланууда. Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 717 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 679 киши айыгып чыкса, 2 миң 913 адам каза болду.