COVID-19: Кыргызстанда 6-февралга карата 110 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда 6-февралга карата коронавирус 110 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 56, Ош шаарында - 10, Чүй облусунда - 18, Ош облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 12, Жалал-Абад облусунда - 5, Баткен облусунда - 6 адамдан илдет табылды. Акыркы суткада 341 адам илдеттен сакайып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 855 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 429 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 436 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 190 миң 709 киши айыгып чыкса, 2 миң 902 адам каза болду.