Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.
Саламаттык сактоо министрлиги учурдагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди. Андан соң катышуучулар жарандарды коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат укту. Мындан тышкары, штабдын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагына келген жарандардын ПЦР-тестин текшерүүнү жокко чыгаруу мүмкүндүгү жөнүндө маселе каралды. Талкуунун жыйынтыгында эл аралык тажрыйбаны жана медициналык-санитардык эрежелерди эске алуу менен бул маселени кеңири иликтеп чыгуу чечими кабыл алынды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жакынкы жумаларда республикада карантиндик режимдер жеңилдетилерин белгиледи. Катышуучулар ошондой эле райондук саламаттык сактоо мекемелерин кислород станциялары менен камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана Финансы министрлигине суюк кычкылтекти өндүрүүчү жергиликтүү заводдорго бюджеттик ссудаларды бөлүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылды.