Кыргызстанда 4-февралга карата коронавирус 202 адамдан табылып, 3 бейтап көз жумду
Новость

Кыргызстанда 4-февралга карата коронавирус 202 адамдан табылып, 3 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 107, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда - 46, Ош облусунда - 2, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 18, Жалал-Абад облусунда - 14, Баткен облусунда - 7 адамдан илдет табылды. Акыркы суткада 591 адам илдеттен сакайып чыкты. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 966 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 784 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 164 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 189 миң 983 киши айыгып чыкса, 2 миң 896 адам каза болду.