Кыргызстанда коронавирус 243 адамдан аныкталып, 4 бейтап көз жумду
Новость www

Кыргызстанда коронавирус 243 адамдан аныкталып, төрт бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 124, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 56, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 10.адамдан илдет табылды. 

Акыркы суткада 617 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 961 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 181 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 962 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 189 миң 392 киши айыгып чыкса, 2 миң 893 адам каза болду.