Кыргызстанда коронавирус 201 адамдан табылып, беш бейтап каза болду
Новость

Кыргызстанда коронавирус 201 адамдан табылып, беш бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 104, Ош шаарында - 10, Чүй облусунда - 36, Ош облусунда - 2, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 22, Жалал-Абад облусунда - 10, Баткен облусунда - 12 адамдан илдет табылды.

Акыркы суткада 632 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 996 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 530 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 719 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 188 миң 775 киши айыгып чыкса, 2 миң 889 адам каза болду.