Өлкө вирустун жайылышынын жогорку чегинен өттү
Новость

Кыргызстан коронавирустун жайылышынын жогорку чегинен өттү. Республиканын бардык аймагы жашыл тилкеге кирди. Бирок оору дале басаңдай элек. 

Вирус жуктургандардын саны азайганы менен ковидден каза тапкан бейтаптар катталууда. Акыркы бир күндүн ичинде өлкө боюнча төрт адам каза болсо, оорудан 547 киши сакайып чыкты.