Кыргызсанда коронавирус 205 адамдан аныкталып, төрт бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 123, Чүй облусунда - 26, Ысык-Көл облусунда - 23,Баткен облусунда - 13, Жалал-Абад облусунда - 10, Талас облусунда - 3, Ош облусунда - 3, Ош шаарында - 2, Нарын облусунда - 2 адамдан илдет табылды. Пандемия башталгандан бери 198 миң 316 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 2 миң 880 адам каза болду.