Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 398 адам жуктурду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ооругандар Бишкекте — 227, Ошто — 1, Чүйдө — 115, Ош облусунда — 2, Таласта — 4, Ысык-Көлдө — 24, Жалал-Абадда — 12, Баткенде – 13 ада. Пандемиядан бери баш-аягы 197 миң 835 адамдан оору табылды.
Тилекке каршы, өткөн суткада COVID-19 инфекциясынан беш бейтап көз жумду. Алар бардыгы Бишкекте катталды, коронавируска каршы вакцина алган эмес. Оору жалпысынан 2 872 адамдын өмүрүн алды. Акыркы сутка ичинде республика боюнча 615 киши сакайып, үйүнө чыгарылган. Ушуну менен айыккандар 186 миң 386 болду.
Республика боюнча ооруканаларда 1086 бейтап дарыланууда. Стационарда жаткандардын ичинен сегизи канааттандырарлык, 596сы орточо, 417си оор жана 65и өтө оор абалда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 5 974 бейтап бар.