Өлкөдө коронавирус 356 адамдан аныкталып, беш бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 216, Чүй облусунда - 88, Ысык-Көл облусунда - 14, Жалал-Абад облусунда - 14, Баткен облусунда - 12, Талас облусунда - 5, Ош облусунда - 4, Ош шаарында - 3 адамдан вирус табылды.
Акыркы суткада 604 адам илдеттен сакайып чыкты. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 197 миң 437 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 185 миң 771 киши айыгып чыкса, 2 миң 867 адам каза болду.