Саламаттык сактоо министрлиги кош бойлуу аялдарды коронавируска каршы эмдөө жөнүндө чечим кабыл алгандан бери, өлкө боюнча 300 дөн ашуун болочоктогу энелер эмделди.
Ошондой эле, 16-18 жаштагы өспүрүмдөр менен бала эмизген аялдар арасында вакцина алгандардын саны арбыды. Дарыгерлердин айтымында, кош бойлуу кезде коронавирустук инфекция менен ооруп калбаш үчүн эмделүү абдан маанилүү. Бирок кош бойлуулуктун жыйырманчы жумасынан кийин гана сунушталат.
16-18 жаштагы өспүрүмдөрдү, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды коронавируска каршы эмдөө компаниясы ноябрь айында башталган. Алар эч кандай мажбурлоосуз, өз ыктыярдуулугу менен жасалууда. Адистер белгилегендей, вакцина алуудан мурун кош бойлуу же балалуу эне сөзсүз дарыгерден кеңеш алышы керек. Себеби вакцинага, дары-дармектерге же айрым азык-түлүккө аллергиясы бар кош бойлуу аялдар текшерилүүгө тийиш.