Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга COVID-19га каршы Pfizer вакцинасынын 149 миң 760 дозасын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, вакциналар дүйнөдө COVID-19 вакциналарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткирилди. АКШ бул вакциналарды Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшкө көмөк катары берип жатат. "Коопсуз жана натыйжалуу вакциналар биздин иммундук тутумубузга коронавирустун оорлошуна туруштук берүүгө жардам берет. Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын элине вакциналар менен камсыз кылууну жана алардын өлкө боюнча жеткиликтүү болушу үчүн каржылоо аркылуу колдоону улантат", - деди АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.
Жалпысынан АКШ 2021-жылдын октябрынан бери Кыргызстанга Pfizer компаниясынын COVID-19 вакцинасынын 450 миң дозасын тапшырды. “АКШ өкмөтүнүн жана башка эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен вакциналар Кыргызстанда бардыгына жеткиликтүү. Мен бардык кыргызстандыктарды оорунун оор агымынан өзүн жана жакындарын коргоо үчүн мүмкүн болушунча эртерээк эмдөөгө чакырам. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, эмдөө - COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири”, - деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов.
Расмий статистикага ылайык, АКШда чыгарылган Pfizer вакцинасы менен 40 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өтүп, 62 миңден ашуун кыргызстандык бир дозасын алган. Пандемия башталгандан бери, АКШ Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.