Жалал-Абад шаарында шахмат боюнча турнир өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, турнирге Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 5 жаштан 70 жашка чейинки 300гө жакын шахматчылар катышууда. Мелдеш соңунда жеңүүчүлөргө кубок жана баалуу сыйлыктар ыйгарылат. Турнир шахмат федерациясы тарабынан уюштурулган.