COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада 787 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду
Новость

Кыргызстанда акыркы суткада 787 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 512, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 154, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 42, Баткен облусунда – 29 адамдан илдет табылды. Акыркы суткада 486 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1162 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 659 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 195 миң 394 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 182 миң 928 киши айыгып чыкса, 2 миң 849 адам каза болду.