Кыргызстанда акыркы суткада 791 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында –488, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 185, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 39, Баткен облусунда – 31 адамдан илдет табылды.
Акыркы суткада 466 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1129 бейтап, амбулатордук түрдө 6 697 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 194 миң 607 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 182 миң 442 киши айыгып чыкса, 2 миң 846 адам каза болду.