Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмеси өттү
Новость www

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. 

Саламаттык сактоо министрлиги учурда өлкөдө орун алган эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди. Андан соң кеңешменин катышуучулары карантиндик абалга байланыштуу маселелерди талкуулады. Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун кайра карап чыгуу маселеси көтөрүлдү, анда 2020-2021-окуу жылында окуучулардын реалдуу режимде окуу процессин калыбына келтирүүдө жалпы билим берүү уюмдарынын ишинде коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы чараларды сактоо боюнча иш-аракеттер алгоритми белгиленген. 

Мындан тышкары Өкмөттүн 2020-жылдын 3-февралындагы буйругун күчүн жоготту деп таануу маселеси каралды. Эске салсак, буга чейин бул документ республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында иштелип чыккан. Жыйындын соңунда Саламаттык сактоо министрлигине калкка өз учурунда сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууну күчөтүү, ошондой эле калкты эмдөө өнөктүгүн улантуу тапшырылды.