Кыргызстанда коронавирус 788 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда коронавирус 788 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 523, Ош шаарында - 12, Чүй облусунда - 137, Ош облусунда - 17, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 17, Жалал-Абад облусунда - 28 жана Баткен облусунда 30 адамдан илдет табылды. 

Акыркы суткада 284 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1075 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 429 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 816 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 181 миң 976 киши айыгып чыкса, 2 миң 843 бейтап каза болду.